Кытайлык соодагер кызматкерлерине “өзгөчө эмгек өргүүгө” уруксат берди

Кытайда чекене дүкөндөр тармагынын жетекчилиги кол алдындагыларга “өзгөчө эмгек өргүүгө” берди. Компаниянын жетекчиси белгилегендей, кээде ар бир адам өзүн жөн эле бактысыз сезген күндөрү болот. Ал мындай учурларда иштеп кереги жок деп эсептейт.   Мындан улам, эми анын ишканасынын ар бир кызматкерине жылына 10 кошумча… Кененирээк…

Пенсия эң жогору болгон мамлекеттер аталды

Пенсия эң жогору болгон мамлекеттер аталды. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, Испания биринчи орунду ээлейт. Ал жакта карылар айына 3 миң 800 доллардан ашык алышат. Испаниялыктар пенсияга 65 жаштан кийин чыгышат.   Экинчи орунда АКШ турат. Американын 65 жаштан жогорку жарандары өкмөттөн айына 3 миң… Кененирээк…

Россиянын Оренбург шаарында суу ташкындан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктардын бар жоктугу такталууда

Россиянын Оренбург шаарында суу ташкындан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктардын бар жоктугу такталууда. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, элчиликке жардам сурап кайрылгандар болгон жок.   Алдын ала маалымат боюнча, суу каптоодон жабыркаган кыргызстандыктар каттала элек.   Эске салсак, 12-апрелде Урал дарыясында суунун деңгээли 11,5 метрге чейин көтөрүлгөн. 12… Кененирээк…

Эң жогорку пенсиясы менен өлкөлөр аталды

Эң жогорку пенсиясы менен өлкөлөр аталды. Биринчи орунда Испания турат. Бул жерде улгайган жарандарга мамлекет тарабынан 3 миң 800 доллар берилет. Экинчи орунда АКШ 3 миң 600 доллар пенсиясы менен жайгашат.   Лидерлердин үчилтигин Германия бекитет, бул өлкөдө эң жогорку пенсия 2 миң 600 долларга… Кененирээк…

Түрк бийлиги мигранттарды каттоо боюнча жаңы эреже киргизди

Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу тараткан маалыматка караганда, 15-апрелден тарта Түркиянын миграция кызматы туруктуу жашоого уруксатын узартууну каалаган чет өлкөлүктөрдөн кошумча документ талап кылат.   Жаңы эрежеге ылайык, эми мигранттар Улуттук электрондук билдирүү системасында дарегин жана өзү тууралуу толук маалыматтарды билдирүүгө милдеттүү. Соңку айларда түрк полициясы… Кененирээк…

Илон Маск Марска бир миллионго жакын адам жөнөтүүнү пландоодо

Америкалык миллиардер Илон Маск жакынкы жылдары Марска бир миллионго жакын адам жөнөтүүнү пландоодо. Ал өзүнүн мындай ою менен Space Xдеги иш-чарада бөлүштү.   Маск ошондой эле Кызыл планетага бир нече миллион тонна жүк жөнөтүүнү да каалайт. Операцияга жардам бере турган ракетаны сыноо жана модернизациялоо иштери… Кененирээк…

Иракта аял Барбиге окшош болуу үчүн 43 жолу пластикалык операция жасатты

Иракта аял Барбиге окшош болуу үчүн 43 жолу пластикалык операция жасатты.   Аял социалдык тармактардагы баракчаларын активдүү колдонот, анын миллионго жакын катталуучусу бар.   Алардын көбү анын сырткы келбетине суктанып, чындап эле куурчакка окшошуп калганын жазышууда. Бирок, сүрөттүн астында сын-пикирлер да бар.

УЕФА Европа чемпионатынын жобосун өзгөртүшү мүмкүн

УЕФА быйыл өтүүчү футбол боюнча Европа чемпионатынын жобосун өзгөртүшү мүмкүн.   Биримдик оюнчулардын максималдуу санын көбөйтүү боюнча сунушту кароого даяр. Алсак, улуттук командаларда 23төн 26 адамга чейин кеңейтилиши мүмкүн. Акыркы чечим 8-апрелде бардык командалардын катышуусунда өтө турган конгрессте кабыл алынат.   Эске салсак, футбол боюнча… Кененирээк…

Японияда Сато деген бир гана фамилия калышы мүмкүн

Японияда Сато деген бир гана фамилия калышы мүмкүн. Окумуштуулар мындай тыянакка математикалык моделдөө иштерин жүргүзгөндөн кийин келишти.   Белгилеп кетсек, аталган мамлекеттеги мыйзам боюнча аял күйөөсүнүн фамилиясын алууга милдеттүү. Ошол эле учурда, Сато фамилиясы өлкөдө кеңири таралган, калктын болжол менен 1,5 пайызы аны алып жүрөт.… Кененирээк…

Стамбулда ири өрт кырсыгында жабыркаган жана каза тапкандардын арасында кыргызстандыктар жок

Стамбулда ири өрт кырсыгында жабыркаган жана каза тапкандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти.   Буга чейин белгилүү болгондой, Бешикташ районундагы турак-үйдөн чыккан өрттөн кеминде 29 адам каза тапты. Жалын көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүндө жайгашкан түнкү клубдан чыккан.