Стамбулда ири өрт кырсыгында жабыркаган жана каза тапкандардын арасында кыргызстандыктар жок

Стамбулда ири өрт кырсыгында жабыркаган жана каза тапкандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти.

 

Буга чейин белгилүү болгондой, Бешикташ районундагы турак-үйдөн чыккан өрттөн кеминде 29 адам каза тапты. Жалын көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүндө жайгашкан түнкү клубдан чыккан.