Криштиану Роналду Forbes журналынын версиясы боюнча эң көп киреше табат

Португалиялык футболчу Криштиану Роналду Forbes журналынын версиясы боюнча дүйнөдөгү эң көп маяна алган спортчулардын рейтингинде биринчи орунга чыкты. Тизме басылманын расмий сайтына жарыяланды.   Сауд Арабиянын чабуулчусу бир жылда 260 миллион доллар киреше тапкан. Анын 200 миллиону оюнчунун «Аль-Наср» футболдук клубундагы айлыгы болсо, калганын Роналду… Кененирээк…

«Кальмар оюндарынын» экинчи сезону декабрь айында чыгат деп күтүлүүдө

Түштүк Кореянын «Кальмар оюндары» сериалынын экинчи сезону 2024-жылдын декабрь айында чыгат деп күтүлүүдө. Бул тууралуу америкалык басылмалар актёр Ли Чжон Чжэге таянып жазып чыгышты.   Бирок Netflix премьера күнүн расмий жарыялай элек.   Кошумчаласак буга чейин, 2023-жылдын күзүндө Netflix компаниясы «Кальмар оюндарынын» негизинде реалити-шоу башталарын… Кененирээк…

Нью-Йорк дүйнөнүн эң бай шаарларынын тизмесинде биринчи орунга чыкты

Нью-Йорк быйыл дүйнөнүн эң бай шаарларынын тизмесинде биринчи орунга чыкты. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, мегаполисте 350 миңге жакын миллионер жашайт.   Рейтингде экинчи орунду Сан-Франциско ээледи. Ал жерде 306 миң миллионер бар. Үчүнчү орунда 298 миң менен Токио турат. Алдыңкы бештикте Сингапур – анда 244 миң миллионер… Кененирээк…

Ташкентте коомдук тартипти көзөмөлдөгөн робот тесттик режимде иштей баштады

Ташкентте коомдук тартипти көзөмөлдөгөн робот тесттик режимде иштей баштады. Төрт дөңгөлөктүү Android GPS системасы жана жаздыруу функциясы бар камералар менен жабдылганын коңшу өлкөнүн Жол кайгуул кызматы кабарлады.   Робот мыйзам бузуулардын бардык түрүн, жада калса таштандыны туура эмес жерге ыргыткандарды да жаздырып калат. Алар тууралуу… Кененирээк…

Быйыл Москвада 9-майда “Өлбөс полктун” жүрүшү болбойт

Быйыл Москвада 9-майда “Өлбөс полктун” жүрүшү болбойт. Иш-чара онлайн форматта өткөрүлөрүн орус Телеграм-каналдары жазды.   Маалыматка ылайык, жүрүш “коомдук коопсуздукка коркунуч жаралып жатканына” байланыштуу мурдагыдай өткөрүлбөйт. Башка шаарларда да иш-чара болбойт.

Өзбекстанда калктын саны 37 миллиондон ашты

Өзбекстанда калктын саны 37 миллиондон ашты. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Статистика боюнча мамлекеттик комитетине таянып, “Азаттык” жазды.   Маалыматка караганда, 37 миллиондун 18,5 миллионун эркектер, калганын аялдар түзөт. Божомолдорго ылайык, 2030-жылга чейин Өзбекстанда калктын саны 41 миллиондон ашат.   Белгилеп кетсек, Борбор Азия мамлекеттериндеги калктын… Кененирээк…

Анджелина Джоли Брэд Питт менен ажырашууда 100 миллион доллар өндүрдү

Актриса Анджелина Джоли мурунку күйөөсү Брэд Питт менен ажырашууда, 100 миллион доллар өндүрдү. Бул суммага алимент, балдар үчүн белектер жана шарап заводундагы Джолинин үлүшүн сатуудан түшкөн каражат кирген.   Эске салсак, актриса 2016-жылы күйөөсү менен ажырашууга арыз берген, процесс расмий түрдө 2019-жылы аяктаган.   Азыр… Кененирээк…

Улуу Британияда айрымдардын тамеки сатып алуусуна тыюу салган мыйзам жактырылды

Улуу Британияда 2009-жылдан кийин төрөлгөндөрдүн тамеки сатып алуусуна тыюу салган мыйзам долбоору жактырылды. Демилгенин максаты — тамеки чегүүдөн көз карандысыз муунду тарбиялоо.   Бийлик 2027-жылга чейин тамеки буюмдарын сатып алуу үчүн курактык чектөө киргизүүнү каалайт. Үч жылдан кийин 2009-жылы жана андан кийин төрөлгөндөр эч качан… Кененирээк…

Дубайдагы нөшөрлөгөн жаан-чачын аймактын тарыхтагы эң катуу жаан деп табылды

Дубайдагы нөшөрлөгөн жаан-чачын аймактын тарыхтагы эң катуу жаан деп табылды.  Дренаждык системанын жоктугунан шаар көчөлөрүн, метро тармагын, үйлөрдү жана соода борборлорду суу каптады. Дубайдын аэропортунда учуп-конуу тилкеси суу алдында калгандыктан, 40тан ашык каттам жокко чыгарылды.   Синоптиктердин маалыматына ылайык, Дубайда 150 миллиметр жаан жаады.  … Кененирээк…