Сүймөнкул Чокморовго жаңыланган эстелик жаңы жылга чейин орнотулат

Сүймөнкул Чокморовго жаңыланган эстелик жаңы жылга чейин орнотулат. Маданият министри Алтынбек Максутов билдиргендей, айкелди реконструкциялоо жыйынтыкталды.

 

Ал жакынкы арада Ала-Тоо кинотеатрынын алдына тургузулат. Эске салсак, даңазалуу актерго эстелик 2017-жылы орнотулган. Бирок шаар тургундары Чокморовго окшош эмес экенин айтышкандан кийин, 3 миллион сомдук коло айкелди алмаштыруу чечими кабыл алынган болчу.