Баткен шаарында күндүзгү стационарлар ачылууда.
Калаа мэри Мамыржан Рахимов билдиргендей, вирустун алдын алуу иштери жана
санитардык талаптар күчөтүлдү. Учурда көчөлөрдө, мекеме-ишканаларда дезинфекциялоо
жумуштары аткарылууда. Көрүлгөн аракеттер аймакта коронавирус жуктургандар
көбөйүп жатканына байланыштуу. Белгилеп кетсек,
Баткенде эпидемиологиялык кырдаал курч деп бааланууда.