Бишкекте бир нече жолдун багыты өзгөртүлөт. Мэриянын маалыматына караганда, Кулатов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн тилкелеринде эки тараптуу кыймыл пайда болот. Ал эми сегиз көчөнүн тилкелеринде бир гана тарапка кыймыл уюштурулат. Алар:
— Ж.Турусбеков көчөсү Москва көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгү (түштүктөн түндүккө карай);
— Т.Үмөталиев көчөсү Жибек-Жолу проспектисинен Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү (түндүктөн түштүккө карай);
— К.Акиев көчөсү Москва көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгү (түштүктөн түндүккө карай);
— К.Тыныстанов көчөсү М.Фрунзе көчөсүнөн Ж.Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү (түндүктөн түштүккө карай);
— И.Раззаков көчөсү Киев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү (түндүктөн түштүккө карай);
— А.Орозбеков көчөсү Москва көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейинки бөлүгү (түштүктөн түндүккө карай);
— Гоголь көчөсү Жумабек көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейин (түндүктөн түштүккө карай);
— А.Сүйүмбаев көчөсү Москва көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгү (түштүктөн түндүккө карай).
Жаңы эрежелер 8-январдан тарта күчүнө кирет.
Өзгөртүүлөр ордо калаадагы көчөлөрдө жол тыгынын азайтуу жана кыймылды тескөө максатын көздөйт.