Үч облустун мектептеринде робототехника класстары ачылат. Бул тууралуу Кыргызпатенттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, класстар Нарын, Жалал-Абад жана Чүй облустарындагы мектептерде пайда болот.
Бүгүнкү күндө аймактарга керектүү жабдуулар — компьютерлер, интерактивдүү такталар, көп функционалдуу принтерлер, 3Д каражаттар жана эмеректер жеткирилүүдө.