Алдыдагы күз-кыш мезгилинде өлкө аймагында 550дөй көмүр саткан база ачылат

Алдыдагы күз-кыш мезгилинде өлкө аймагында 550дөй көмүр саткан база ачылат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрага орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.

 

Чиновник жеке көмүр казган компаниялар ички керектөөчүлөргө бааны жогорулатса өкмөт экспортту жаба турганын эскертти. Алар биринчиден бюджеттик мекемелердин жана элдин керектөөсүн жабышы керек, — деди Төрөбаев.

 

Эске салсак, өкмөт өткөн аптада унаа менен көмүрдү сыртка ташууга алты айлык тыюу салган. Бирок мындай чектөөнүн кыргыз-кытай чек арасындагы “Эркечтам” жана “Торугарт” өткөрмө бекеттери менен “Кыргызкөмүр” ишканасына тиешеси жок.