Үч округ боюнча депутаттарды шайлоодо добуш берүүчүлөргө персоналдык билдирүүлөр жөнөтүлөт

Үч округ боюнча депутаттарды шайлоодо добуш берүүчүлөргө персоналдык билдирүүлөр жөнөтүлөт. БШКдан билдиришкендей, жарандарга шайлоо күнү, участоктун номери, дареги жана талапкерлердин тизмеси тууралуу маалымат берилет.

 

Андан тышкары, маселелер жаралса, кайсы номерге кайрылуу керектиги айтылат. Эске салсак, Баткен, Ош жана Кара-Суу округдарында депутаттарды шайлоо 28-апрелде өтөт.