Бишкек шаардык кеңеш айрым ыйгарым укутарды ордо калаа мэрине өткөрүп берүүнү жактырды

Бишкек шаардык кеңеш айрым ыйгарым укутарды ордо калаа мэрине өткөрүп берүүнү жактырды. Бул пилоттук режимде өткөрүлүп жаткан административдик-аймактык реморманын алкагында жүргүзүлөт.

 

Муну менен мэр Бишкектин ушул жылга бюджетин жана кийинки эки жылга бюджет долбоорлорун, коммуналдык кызматтардын, товарлардын тарифтерин  жана муниципалдык башкаруудагы аймактардын чек арасын бекитет.

 

Мындай укук мэрге административдик-аймактык реформанын жыйынтыктары мыйзам чегинде бекитилгенге чейин берилет деп күтүлүүдө.