Кийинки иш жумасы болгону 2 күнгө созулат

Кийинки иш жумасы болгону 2 күнгө созулат. Эмгек министрлигинен билдиришкендей, эмки аптада жарандар 29-30-апрель дүйшөмбү, шейшембиде гана иштейт. 1-майдан 5-майга чейин өлкөдө эс алуу жарыяланды.

 

2-майдагы дем алыш 6-майга жылдырылса, ал эми 3-май үчүн 11-май иш күнү болот. 9-май, Жеңиш күнү дагы расмий майрамдык эс алуу күнү болуп эсептелет.