“Чакан, кичи жана орто ишкерликти ыкчам колдоо” долбоорунун алкагында бизнесмендерге 6 миллиард сомдон ашык берилди

“Чакан, кичи жана орто ишкерликти ыкчам колдоо” долбоорунун алкагында бизнесмендерге 6 миллиард сомдон ашык берилди. Ушул жылдын 1-мартына карата маалыматты Каржы министрлиги тартуулады.

 

Жалпысынан каржылык колдоону 9 миңден ашык ишкер алды. Эске салсак, долбоор боюнча кайтарымдуу негизде пайызсыз каржылык жардам берилет. Долбоор 2027-жылга чейин эсептелет.