Баткендеги Ак-Сай айылына жакын жерде тажик жарандарынын курулушу токтотулду

Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтү менен чектешкен Майский тилкесиндеги тажик жарандары тарабынан көпүрө үчүн пайдубал салуу боюнча курулуш иштери токтотулду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн басма сөз катчысы Кундуз Жоробекова билдирди.

 

Облустук администрациядан билдиришкендей, буга чейин 30-октябрда Баткендеги аталган аймакка тажик жарандары тарабынан көпүрө үчүн курулуш иштери жүргүзүлүп жатканы аныкталган.

 

Аталган факты боюнча Тажикстандын Хожа-Алъо айылындагы чек ара башчысы менен «Көк-Таш» чек ара постунун башчысы сүйлөшүү жүргүзгөн. Ошондой эле бул маселе боюнча Ак-Сай жана Чорку айылдарынын башчыларынын да сүйлөшүүсү болуп, курулуш иштери толугу менен токтотулган.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү учурда аталган аймакта абал стабилдүү экенин билдирди.