Баткен облусун жарык менен камсыздоо боюнча активдүү иштер башталды.
Маалыматты Novosti.kgге Улуттук энергохолдинг ишканасынын басма сөз кызматынан тастыкташты.
Белгиленгендей, 32 конушта 8 миңден ашык үй электр энергиясыз калган.
Эске салсак, Баткен облусунун инфраструктурасы Тажикстандын куралдуу кол салуусунун натыйжасында жабыркаган.