Чек ара: эл чогулткан акчанын 138 млн сому компенсация катары берилди

Баткенге жардам катары ачылган атайын эсептен 138 миллион сомдон ашыгы жабыркагандарга компенсация катары берилди.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кечээ, 30-октябрда жергиликтүү тургундар менен жолугушуусунда айтылды.

Маалыматка ылайык, анда Жапаров кыйраган турак-жайларды калыбына келтирүүдө курулуш жай жүрүп жатканын сынга алып, тиешелүү жетекчилердин жоопкерчилиги караларын эскертти. Белгилеп кетсек, чек арадагы куралдуу кол салуудан кийин ачылган атайын эсепке элден 330 миллион сомдон ашык чогулган.

.