Бүгүн Кыргызстанда иш күнү бир саатка кыска болот. Социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, 5-май майрамдык эс алуу күнү болгондуктан, анын алдындагы иш күнү кыскартылат.
Бейшемби, 6-майда кыргызстандыктар кайрадан жумушка чыгат. 9-май Жеңиш күнү жекшембиге туура келгендиктен, майрамдык эс алуу 10-май, дүйшөмбүгө жылдырылды. Андан тышкары, кийинки жумада дагы бир дем алыш берилет.
Алдын-ала маалыматка ылайык, 12-же 13-майда Орозо айт майрамдалат.