2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарынын программасынан чийиле турган спорттун түрлөрү аталды

2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарынын программасынан чийиле турган спорттун түрлөрү аталды.

 

Расмий сайтта жарыяланган маалыматка ылайык, Парижге карате, бейсбол жана софтбол менен машыккан спортчулар барбайт.

 

Ал эми жаңы спорттун түрлөрү боюнча программага брейк-данс киргизилди. Кийинки Олимпиада оюндары 2024-жылы 26-июлдан 11-августка чейин өтөт.