Черногориянын тургуну Дубравка Аксич жалкоолук чемпионатында жеңүүчү аталды

Черногориянын тургуну Дубравка Аксич жалкоолук чемпионатында жеңүүчү аталды.

 

Ага уюштуруучулар 300 евро тапшырды. Аял ачык асман алдында 117 саат жатып рекорд койду.

 

Эске салсак, мелдеш Черногорияда бир нече күн мурда өттү. Катышуучулар турбай жатышы керек болчу. Аларга китеп окууга, тамактанууга жана телефон колдонууга уруксат берилген. Болгон турууга болбойт – деген шарт коюлган.