Түп районундагы Талды-Суу айылында 16 метрлик мамлекеттик туу орнотулду.

Желекти мектепти 11 жыл мурда аяктаган бүтүрүүчүлөр айылдын 100 жылдыгына белек кылышты.

Белгилеп кетсек, аталган аймактын былтыркы 10 жылдыктары спорттук талаа куруп,

футбол аянтчасын оңдоп-түзөөдөн өткөрүп берген.