Жашоо үчүн ылайыктуу эмес шаарлардын рейтинги түзүлдү

Жашоо үчүн ылайыктуу эмес шаарлардын рейтинги түзүлдү. Global Liveability Index тин отчетуна ылайык, эң начар калаа Сириянын борбору – Дамаск.

 

Бул тизмеге ошондой эле Тегеран, Алжир жана Карачи кирди, бул шаарлардын көчөлөрү таштандыга толгон, жолдору жаман абалда жана коопсуздук камсыздалбайт. Ал эми жашоо үчүн эң мыкты шаарлардын басымдуусу Скандинавияга кирет.

 

Алсак, Вена, Копенгаген, Цюрих жана Ванкувердин тургундары саламаттыкты сактоо жаатында сапаттуу кызмат алып, алардын жашоосу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Кызыгы, мыкты шаарлардын катарына АКШ, КМШ калаалары кирген жок.