Жүргүнчүдөн 20 сом талап кылган айдоочу жумушунан 5 күнгө четтетилди

Бишкектеги маршруттук унаанын жүргүнчүдөн жол кире үчүн 20 сом талап кылган

айдоочусу жумушунан 5 күнгө четтетилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя боюнча жетекчилик тарабынан айдоочуга сөгүш жарыяланды.

Эске салсак, мыйзамдан тышкаркы иш өткөн жумада катталган.

Айдоочу өзү бекиткен 20 сом өлчөмүндөгү жол кирени бир жүргүнчүдөн башкасы төлөшкөн.

Ал эми 20 сом бере албаган кишини унаадан түшүрүп койгон.