Бишкек ЖЭБин кийинки кышка даярдоо иши мөөнөтүнөн кечиктирилбей жүргүзүлөт

Бишкек ЖЭБин кийинки кышка даярдоо иши мөөнөтүнөн кечиктирилбей жүргүзүлөт.

Бул тууралуу «Улуттук энергохолдинг» ишканасынын басма сөз катчысы Азамат Курамаев

«Азаттыкка» билдирди. Анын айтмында,  ордо калаада ысык сууну өчүрүү боюнча

мэрдин буйругу чыгары менен адистер ишке киришет. Буга чейин өзгөчө абалдан

улам электр энергиясы үчүн акча аз төлөнүп жаткандыктан, келерки жылуулук

сезонуна даярдык өз мөөнөтүндө көрүлбөй калышы мүмкүн экени айтылган.

Ишканадан белгилешкендей, буга жол бербеш үчүн кризиске каршы чаралар иштелип чыкты.