Ысык-Көлдөгү сел жүргөн аймактар тазаланууда

Ысык-Көлдөгү сел жүргөн аймактарда 50 куткаруучу жана атайын техника үйлөрдү, ички чарбалык жолдорду тазалап жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел канча үйгө зыян келтиргенин азырынча тактаган жок.

 

Нөшөрлөп жааган жамгырдан улам бүгүн Чолпон-Ата шаарында жана Ысык-Көл районундагы Бактуу-Долоноту, Темир, Корумду айылдарында сел жүргөн.

 

Эске салсак, бир күн мурун синоптиктер аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү тараткан. Ага ылайык, бүгүнтөн тарта 22-сентябрга чейин Кыргызстанда суук түшүп, айрым жерлерде жаан катуу жаайт, тоолордо кар жаашы күтүлөт.