Ислам шериктештиги оюндарында Кыргызстан капчыгына 17 медаль топтолду

Ислам шериктештиги оюндарында Кыргызстан капчыгына 17 медаль топтолду.

 

Анын алтысы алтын, 6 күмүш жана 5 коло медалдар. Биринчи даражадагы сыйлыктарга Айсулуу Тыныбекова, Эрназар Акматалиев, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков ээ болушту.

 

Жалпы командалык эсепте Кыргызстан учурда 9-орунда турат.