Жоламан Шаршенбеков Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын финалына чыкты. Ал муну менен 2024-жылкы Париж Олимпиадасына жолдомо алды.
Бул Кыргызстандын капчыгындагы бешинчи лицензия.
Жоламан Шаршенбеков бүгүн алтын байге үчүн япониялык Фумита Кеничиро менен беттешет. Таймаш Бишкек убактысы боюнча кечки саат 10до башталат.