Бишкектин айрым мектептеринде 1-декабрдан тарта волейбол секциялары иштеп баштайт

Бишкектин айрым мектептеринде 1-декабрдан тарта волейбол секциялары иштеп баштайт. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, жаңычылдык 10 мектепте пилоттук режим менен ачылат.

 

Сабактарды Дене-тарбия жана спорт мамлекеттик академиясынын 2-3-курстарынын 22 студенти өткөрөт. Ал эми секцияларга медициналык кароодон жана коопсуздук техникасынан ийгиликтүү өткөндөр киргизилет.

 

Сабактар кийинки жылдын 30-мартына чейин уланып, андан кийин мектептер арасында волейбол боюнча турнир уюштурулат.