Евробирикме Кыргызстанга 3 миллион евро бөлүп берет

Евробирикме Кыргызстанга 3 миллион евро бөлүп берет. Каражат санариптештирүү тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууга багытталат.

 

Бул тууралуу Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев менен Еврокомиссиянын эл аралык кызматташуу боюнча генералдык директору Петерис Устубстун жолугушуусунда белгилүү болду.

 

Каражат кандай шарттар менен жана качан берилет, азырынча белгисиз.