Дүйнөдө коронавируска каршы вакцина алгандардын саны 8 миллиарддан ашты.
ТАСС агенттигинин эсептери тастыктагандай, ММКлардагы статистика жана расмий
маалыматтарга ылайык, эмделгендердин жарымынан көбү же 4 миллиарддан ашыгы
үч өлкөгө туура келет – Кытай, Индия жана АКШ. Агенттиктен белгилешкендей, планетада
канча адам вакцинациянын курсунан толук өткөнүн аныктоо азырынча мүмкүн болбой жатат.