Улуттук Эне жана бала борборунда 7 адамдан коронавирус аныкталды

Улуттук Эне жана бала борборунда 7 адамдан коронавирус аныкталды. Республикалык штабдан билдиришкендей, буга чейин борбордо дарыланып кеткен бейтаптан вирус аныкталган.

 

Андан кийин ооруканадагы бардык бейтаптар, оорулууларды карап жаткандар жана медициналык кызматкерлер изилденип, ПЦР тест менен 7 адамда коронавирус бар экени тастыкталды.

 

20 кызматкер үчүн имараттын биринчи жана экинчи кабаттарында обсервация уюштурулуп, бардык медициналык кызматкерлер жеке коргонуу каражаттары менен камсыздалды.