Дүйнөдө жумушсуздуктун күч алышы 2023-жылдын аягына чейин сакталат

Дүйнөдө жумушсуздуктун күч алышы 2023-жылдын аягына чейин сакталат.

Эл аралык эмгек уюмунан билдиришкендей, дүйнөлүк эмгек рыногунун аксашы

мурдагыдай эле пандемияга байланыштуу. Ал тез арада калыбына келбейт.

Буга коронавирустун улам жаңы штаммдары чыгып жатканы себеп.

Салыштырмалуу айта турган болсок, 2019-жылы дүйнө боюнча жумушсуз

жарандардын саны 186 миллион болсо, 2022-жылы көрсөткүч 207 миллионго

жетери болжолдонууда. Кырдаал көрсөтүлгөн сандардан дагы кыйын

болушу мүмкүн, — деп эскертишет адистер.