Кыргызстанда 30дай чакан ГЭС курулуп жатат

Кыргызстанда 30дай чакан ГЭС курулуп жатат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

 

Ал белгилегендей, мунун баары өнөр жай тармагында таза энергияны пайдаланууга шарт түзөт.

 

Белгилеп кетсек, соңку жылдары Бишкекти ыш каптаган күндөр көп боло баштады. Адистер буга ЖЭБ, таштанды полигону, жаңы конуштар, машинанын көптүгү, жеке сектордогу мончолор, көмүр жагуу, өнөр жай өндүрүшү себеп экенин айтып келишет.