Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган дагы 9 адам катталды

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган дагы 9 адам катталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Муну менен өлкөдө вируска чалдыккандардын жалпы саны 125ке жетти.

 

Кечээ, 2-апрелде Оштун Ноокат районунун ооруканасында жаткан 61 жаштагы бейтап көз жумду. Ал чет мамлекеттен келген, коронавирустан башка оорулары дагы бар болгону айтылат. Бул Кыргызстанда COVID-19 вирусунан көз жумган алгачкы учур болуп калды.