Кыргызстанда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 11,5 миң тонна ун берилет.
Бул тууралуу Материалдык резервдер фондунун төрагасынын орун басары
Рустам Каракулов билдирди. Анын айтымында, былтыр тамак-аш коопсуздугун
камсыздоо максатында республикалык бюджеттен 2 миллиард сом бөлүнүп,
ага Россиядан 63 миң тонна буудай, 3 миң тонна кумшекер, 2 миң тонна
өсүмдүк майы сатып алынган. Учурда азыктар республиканын аймагында
кампаларда сакталуу. Эми министрлер кабинетинин
буйругу менен аларды таратуу башталат.