Улуу Британиянын ханышасы сыйлыктарды кол кап кийип тапшырды

Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II сыйлыктарды кол кап кийип тапшырды.

Батыш ММКларынын маалыматында, буга коронавирус себеп болууда.

Анткени COVID-19 вирусу өмүрүн алгандардын басымдуу бөлүгү жашы

өтүп калган адамдар. Учурда Улуу Британияда вируска кабылгандардын

саны 60ка жакын. Кошумчаласак, буга чейин Германиянын Ички иштер

министри Хорст Зеехофер вирустун алдын алуу максатында канцлер

Ангела Меркель менен кол алышып учурашпай койгон видеосу коомчулукка жарыяланган.