Кыргызстанда дагы 14 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев жарыялады. Анын айтымында, Бишкекте 4, Чүйдө 2, Ош шаарында 4, Жалал-Абадда 3, Нарында 1 учур катталды.
Ушуну менен коронавирус жуктургандардын жалпы саны 568ге жетти.