Дарыгер шоколаддын эң зыяндуу түрүн атады

Шоколаддын эң зыяндуу түрү бул ак түстөгү экенин диетолог Нурия Дианова билдирди. Анын айтымында, ак шоколаддын курамында какао дандары жок.

 

Ал эми шоколаддын негизги пайдасы ушунда. Анда белок, антиоксиданттар жана башка заттар бар.

 

Мындан тышкары, ак шоколаддын курамында түшүнүксүз кошумчалар көп, деп түшүндүрдү диетолог.

 

Адис шоколаддын этикеткасында жазылган курамы эки саптан ашык болсо, ал кандай болбосун сатып алуудан баш тартууну сунуштайт. Анткени товар пайдасыз кошумчаларды камтышы мүмкүн.