Япония Баткенге асфальт-бетон заводун жана жол курууга жабдууларды берет

Япония Баткен облусуна асфальт-бетон заводун жана жол курууга керектүү жабдууларды берет. Жардамдын жалпы баасы беш миллион доллардан ашат.

 

Техника Унаа жана жолдор министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын Баткендеги филиалынын балансына өткөрүлөт.

 

Асфальт-бетон заводу Лейлек районуна курулат. Жогорку Кеңеш Япония менен келишимди бир эле учурда үч окууда ратификациялады.