Эскирген таттуулар сакталган кампа жабылды

Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызмат (Финпол) 12-январда эскирген кант, печенье жана башка таттуулар сакталган кампаны таап, жаапты. Мекеменин басма сөз кызматы 15-январда маалымдагандай, кампада 2017-2018-жылдары эле мөөнөтү аяктаган таттуу азыктар сакталып турган. Мындан тышкары кампадан таңгакталган азыктардын жасалган мөөнөтү тууралуу маалыматтарды өзгөртүүчү жабдуулар, таттуу азыктардын жасалган күнү жазылбаган актай таңгакчалары да табылган.

Кампага мөөр басылып, жабылды.

Финпол бир ай мурун жаңы жылдык майрамдарга карата эскирген таттуу азыктарды таңгактап, сатуу фактысын да аныктап, кылмыш ишин козгогон. Анда айрым ишкерлер эскирип, мөөнөтү өтүп кеткен таттуу азыктарды жаңы жылдык кооз кутуларга таңгактап, Бишкектеги жана Оштогу ири соода дүкөндөрүнө, базарларга өткөрүшкөнү аныкталганы кабарланган.