Быйылкы майрамдарда Бишкек шаарын кооздоого 11,5 млн сом жумшоо пландалууда. Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка караганда, тиешелүү тендерди Капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялады.
Документте 8-март, Нооруз, шаар күнү, Жеңиш күнү, Эгемендүүлүк күнү жана жаңы жылга карата баннерлерди чыгарууга буйрутма берүү пландалганы айтылат.