Динара Кутманова кызматтан бошотулду

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова кызматынан бошотулду.

Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, Садыр Жапаровдун дагы бир жарлыгы менен анын ордуна Мелис Тургунбаев министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Эми анын талапкерлиги Жогорку Кеңешке сунушталат.