Жаңы пенсиялык реформада пенсияга чыгуу үчүн паспорт гана талап кылынат деген норма камтылган.
Бул тууралуу Социалдык фонддун жетекчиси Бактияр Алиев билдирди.
Ал эске салгандай, 1996-жылдан бери бөлүм ар бир жарандын жекелештирилген эсебин жүргүзөт, ошондуктан эч кандай маалымкат чогултуунун кереги жок.
Жаңычылдыкты келерки жылы ишке киргизүү пландалууда.