Жалал-Абад – Казарман унаа жолундагы Сары-Кыр ашуусунда калың карда калган 9 адам куткарылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, кар калың жаап, аба-ырайы бузулгандыктан
тилкенин 87-91-чакырым аралыгында эки КамАЗ мал жандыктары менен, дагы бир жеңил унаа
өтө албай токтоп калган. Куткаруучулар жерине 700 метр калганда унаа кыймылына мүмкүн болбой,
жөө чыгып жарандарды алып түшүштү. Учурда 9 адамдын тең абалы жакшы,
алар Жалал-Абад шаарына жеткирилди.