Бишкекте Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча фестивалы өтөт

Бишкекте Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча фестивалы өтөт.

Аталган спорттун федерациясынан билдиришкендей, мелдешке республиканын

14 жаштан ашкан мектеп окуучулары, студенттер, спорттук мектептердин,

клубдардын тарбиялануучулары катышат. Аларга эки түрдөгү программа жана

эстафетага катышууга уруксат берилет. Мелдеш Дүйнөлүк атлетиканын

эл аралык эрежелери менен Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өтөт.