«Достук” өткөрмө бекети штаттык режимде иштеп жатат

Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” өткөрмө бекети штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу Novosti.kgге Чек ара кызматынын өкүлү Сажира Чоколоева билдирди.

 

Эске салсак, аталган көзөмөл пунктундагы иш бүгүн эки саатка токтотулган. Бул Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү тутумунун жаңылануусуна байланыштуу экени айтылган.

 

Ош облусундагы “Достук” бекети эл аралык өткөрүү пункту болуп саналат жана ал күнү-түнү иштейт.