Бишкектеги айрым күйүүчү май сатуу түйүндөрүндө дизелдик отун жок

Бишкектеги айрым күйүүчү май сатуу түйүндөрүндө дизелдик отун жок.

Мунай ташуучулар ассоциациясынын башчысы Канат Эшатов түшүндүргөндөй,

мындай көйгөй бир гана Бишкекте эмес, жалпы Кыргызстанда болуп жатат.

Алсак, мурда айрым бекеттерге 2 унаа менен дизелдик отун жеткирилсе,

азыр бирден гана жиберилүүдө. Андан улам, түшкө жетпей эле түгөнүп калып,

кийинки унаа май жеткиргиче убакыт өтүп кетип жатат. Тартыштыктын себеби

Россияда дизель отуну аз болуп жатканында. Буга байланыштуу чакан

компаниялар жабыла баштады, — деп кошумчалады Эшатов.