Европа чемпиону наамын утуп алган Италия курамасынын сый акысы белгилүү болду

Европа чемпиону наамын утуп алган Италия курамасынын сый акысы белгилүү болду.

 

УЕФА жеңишке жеткен курамага 28 миллион евро тапшырды. Айрым маалыматтарга ылайык, “скуадра адзурранын” ар бир футболчусуна 250 миң евродон тапшырылат. Ал эми финалда утулуп калган Англия курамасынын футболчуларына 200 миң евродон тиет.

 

Андан тышкары, ар бир мамлекеттин футбол федерациясы өз курамасын өзүнчө сыйлайт. Эске салсак, Италия курамасы пенальти сериясы менен англиялыктарды утуп, тарыхында экинчи ирет Европа кубогун багындырды.