Facebook аталышын Meta деп өзгөртөт

Facebook аталышын Meta деп өзгөртөт. Бул тууралуу компаниянын негиздөөчүсү Марк Цукерберг жарыялады. Муну менен компания бир гана Фейсбук менен чектелбестен, WhatsApp, Instagram, Oculus жана башка тармактардын ээси экенин көрсөтүү ниетинде.

 

Facebook июлда “мета ааламды” жаратуу үчүн команда чогултуп атканын жарыялаган.

 

Эске салсак, ири дүйнөлүк социалдык тармак  2004-жылы негизделген. Учурда анда 2,5 миллиарддан ашык активдүү колдонуучу  бар.