Коронавирустан улам Кыргызстанда өтчү эл аралык мелдештер жылдырылды

Дүйнөдө коронавирустан улам Кыргызстанда өтчү бир катар эл аралык мелдештер жылдырылды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик кабарлады.

 

Маалыматка ылайык, бул агенттикте чукул жыйын чакырылган. Анын жыйынтыгында Кыргызстанда өтчү спорттук күрөш боюнча Азиянын лицензиялык мелдешин, шайба менен ойнолуучу хоккей IV дивизиондун дүйнө чемпионатын жана Азия жана Окения чөлкөмүндө спорттогу кызытмага каршы аракеттер боюнча өкмөт аралык жолугушууну кийинкиге жылдыруу чечилди.

 

Спорт агенттиги мелдештин так датасы кийинчерээк аныкталарын кабарлады.