Кыргызстанда боорду алмаштыруу боюнча операцияга даярдыктар башталды

Кыргызстанда боорду алмаштыруу боюнча операцияга даярдыктар башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

 

Маалыматка ылайык, учурда Улуттук хирургия борборунун Боор хирургиясы бөлүмүндө оңдоо иштери жүрүүдө. Трансплантацияга даярдык иштери үчүн бюджеттен 5 миллион сом бөлүнгөн. Ремонтту февраль айынын ортосуна чейин бүтүрүү пландалууда.

 

Ошондой эле Улуттук хирургия борборунун мыкты адистери атайын билим алууга Түркияга стажировкага жиберилет. Операция кайсы айда болору азырынча белгисиз.

 

Белгилеп кетсек, боорду алмаштыруу боюнча Кыргызстандагы буга чейинки операциялар ийгиликсиз болуп калган.