Кыргызстандык футболчу Мирлан Мурзаев чет элдик клуб менен келишим түздү

Кыргызстандын улуттук курама командасынын вице-капитаны жана чабуулчусу Мирлан Мурзаев Вьетнамдын жогорку лигасындагы “Ханой” футболдук клубу менен келишим түздү. Бул тууралуу “Ак-Шумкардын” Telegram-каналында айтылды.

 

Өткөн сезондо Мурзаев Индия чемпионатында ойногон, анда 11 беттеш өткөрүп, 2 гол киргизип, 3 голдук пас берген.
Мирлан Мурзаевдин Кыргызстандын улуттук курамасындагы дебюту 2009-жылы болгон. Ал 59 беттеш өткөрүп, 16 гол киргизген.